Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 13,8 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

 Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 13,8 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда 2024-жылдын башынан бери 13 иң 831 “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

“Акылдуу” эсептегичтер Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында орнотулду.

Анын ичинде Түп районуна 12 миң 590 кардарга “акылдуу” эсептегич орнотулуп, камтуу 96 пайызды түздү.

Эскерте кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоордун I этабынын алкагында 2022-жылы 19 миң 690 “акылдуу” эсептегич орнотулса, 2023-жылы 17 миң 704 эсептегич орнотулган.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Ысык-Көл электр тармактары ишканасы 129 миң 944 кардарды электр жарыгы менен камсыз кылат. Анын ичинен 57 миң 273 кардар “акылдуу”2 эсептегич колдонот. 2025-жылдын аягына чейин облустагы баардык кардарларды акылдуу эсептегичтер менен камсыздоо пландалууда.

Связанный пост