Ысык-Көл облусунда жогорку балл алган мыкты бүтүрүүчүлөр менен кесипкөй мугалимдер сыйланды
10-июль күнү Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов билим берүү тармагынын жыл жыйынтыгы менен кесипкөй мугалимдер менен бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, баалуу белектерин тапшырды.
Иш чарага, билим берүү тармагына олуттуу салым кошуп, үзүрлүү эмгектенген мыкты мугалимдер “Жылдын мыкты мугалими – 2023” кароо сынагынын жыйынтыгында мыкты мугалим деп табылган мугалимдер жана жалпы республикалык тестирлөөдө эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдү “Алтын тамга” ээлерин, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, спорт багытында мыкты жетишкен бүтүрүүчүлөрдү, коомдук иштерге активдүү катышкан мыкты бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Прездентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамота диплом жана Алкыш баракчалары менен сыйланды.
1. Билим берүү тармагына олуттуу салым кошуп, үзүрлүү эмгектенген 24 мыкты мугалим Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Ардак грамотасы” жана азыркы заманбап чаң соргуч аппараттары менен сыйланды.
2. “Жылдын мыкты мугалими – 2023” кароо сынагынын жыйынтыгы менен 20 мыкты мугалим Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Диплому” баалуу сыйлыктар тапшырылды.
1. “ГРАН ПРИ” баш байгеси менен – 3 мугалим газ плита
2. 1-даражадагы диплом менен – 3 мугалим нан бышыргыч аппараты (духовка)
3. 2 -даражадагы диплом менен – 3 мугалим жылыткыч (микроволновка)
4. 3 -даражадагы диплом менен – 3 пылесос
Ошондой эле башка номинацияларга эт майдалагыч (мясорубка) сыйлыктар менен сыйланды.
3. Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ээлери 8 бүтүрүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Алкыш баракча” жана планшет тапшырылды.
4. Алтын сертификат ээлери жана Олимпиада жеңүүчүлөрү 10 бүтүрүүчү уюлдук телефон менен сыйланды.
5. Ал эми Спорт багытында мыкты жетишкен бүтүрүүчүлөрдү, коомдук иштерге активдүү катышкан 50 мыкты бүтүрүүчүгө “Алкыш баракча” жана 2000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.