Ысык-Көл электр тармактарында подстанциялардын кубаттуулугу 29,7 МВАга жогорулатылды

Бүгүн Ак-Суу районундагы Нововознесеновка подстанциясында кубаттуулугу 6300 кВА трансформатор 10000кВА трансформаторго алмашылды.

Бул подстанция Ак-Суу районунун Боз-Учук, Зындан, Ак-Булуң, Ак-Булак, Кайрыма-Арык, Жергез, Пионер, Ичке-Жергез, Качыбек, Ак-Чий, Советский, Нововознесеновка айылдарын электр жарыгы менен камсыз кылат.

Нововознесеновка подстанциясы былтыркы кыш айларында ашыкча жүктөө менен иштеп келген. 2023-2024 күз-кыш айларында авариялык кырдаалды алдын-алуу жана кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында бул подстанциянын кубаттуулугу жогорулатылды.

Ошондой эле ушундай иштер Чок-Тал, Түп, Ой-Тал, Боконбаев, Долинка подстанцияларында аткарылды. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусу боюнча 6 даана трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторлорго алмашылып, жалпы подстанциялардын кубаттуулугу 29,7 МВАга жогорулатылды.

Связанный пост