«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон биринчи авиакаттамды кабыл алды

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон учуп келген биринчи авиакаттамды кабыл алды.

Бүгүн, 2023-жылдын 30-июнунда «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти.

Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин каттайт.

Связанный пост