“Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди
![“Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/05/prezident-podpisal.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 9-августунда № 185 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка Ысык-Көл көлүнүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду.
Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.