Ысык-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген 226 га жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 226 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, бул жер тилкелери 1992-1994-жылдары мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктин балансынан чыгарылып, бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү тургундар тарабынан айдоо жери катары колдонулуп келген.

Ошондой эле айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери узак убакыт бою жерлерди муниципалдык же мамлекеттик менчикке алуу үчүн зарыл болгон расмий жол-жоболорду аткарбай туруп, айрым адамдарга айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо максатында мыйзамсыз бөлүп берип келишкен. Бул үчүн мамлекетке ижара төлөмдөрү төлөбөгөндүгү аныкталды.

Жер тилкелеринин “Мамлекеттик айыл чарба жер фондусуна” кайтарылышы район аймагындагы жергиликтүү тургундар тарабынан иштетиле турган айыл чарба аянттарын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатат.

Связанный пост