Ысык-Атада цистерна жарылып, эки адам каза тапты

 Ысык-Атада цистерна жарылып, эки адам каза тапты

Чүй облустук милициясы 21-октябрда социалдык тармактарда тараган Ысык-Ата районундагы заводдо жарылуу болгон делген видео боюнча маалымат берди.

Милициянын билдиришинче, 10-октябрда Ысык-Ата райондук милициясына Новопокровка айылында жайгашкан газоблок чыгаруучу кичи ишканада жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Мекемедеги цемент цистернасынын жарылуусунан эки адам каза болгон. Бул окуя катталып, алдын ала тергөө иштери башталган.

Окуя болгон жерге Ысык-Ата районунун ыкчам-тергөө тобу барганда заводдун түштүк тарабында белгисиз себептерден улам цемент куюлган цистерна жарылып кеткени аныкталган. Анын кесепетинен 34 жана 61 жаштагы жумушчулар алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.

Тергөө иштери уланууда. Учурда бардык керектүү тергөөиштери жүрүп, күбөлөр суралып, жарылуунун себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Связанный пост