Япония Кыргызстанга 2 аэропорттогу системаларды модернизациялоого 2 млрд иен бөлүп берет

 Япония Кыргызстанга 2 аэропорттогу системаларды модернизациялоого 2 млрд иен бөлүп берет

Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К Бакетаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидеки Года жана Кыргыз Республикасындагы Япон Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Хироюки Кавамато мырза менен жалпы суммасы 2 млрд 153 млн япон йенин түзгөн (болжол менен 13,8 АКШ доллары) “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюшту.

Долбоор Ош аэропортунда жайгашкан диспетчердик пунктту реконструкциялоого, “Манас” жана “Ысык-Көл” аэропортторундагы системаларды модернизациялоого багытталган. Көзөмөл-диспетчердик пункттардын жана аба кыймылын башкаруу борборлорунун жабдылышы 50 жылдан бери начарлап кеткендигине байланыштуу аба кыймылын башкаруу системасын жаңыртуу зарылчылыгы каралган.

Бул көмөк көрсөтүү аба кемелерин эксплуатациялоонун коопсуздугун жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт, ошондой эле авиация тармагынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу транспорттук инфраструктураны жана региондук байланышты колдоого салым кошулат.

Связанный пост