Январда Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 215,3 млн долларды түздү

2025-жылдын январь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 215,3 млн долларды түзгөн.
Улуттук банктан билдиришкендей, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн – 203,7 млн доллар келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн которулган каражат 11,5 млн доллар болгон.
2025-жылдын январь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 22,9 млн долларды түздү.
Анын ичинен 19,8 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 3,1 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.