Январь-октябрда өлкөнүн ИДПсы 1,4 трлн сомдон ашты
Алдын ала баалоо боюнча, январь-октябрда өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 трлн 427,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 пайызга жогорулаган.
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 11,3 пайызга, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 8,8 пайызга, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,8 пайызга жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,6 пайыз) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн.
Ошол эле учурда товар өндүрүү тармактарынын үлүшү, тескерисинче, 1,8 пайыздык пунктка жогорулап, 35,4 пайызды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү – 1,0 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,4 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.