Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин КыргызРеспубликасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү
менен куттуктады.
«Улуттук майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз.
Мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда курулууда. Ар кандай тармактарда экитараптуу кызматташтык, ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп жактуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүү ийгиликтүү өнүгүүдө.
Биргелешкен аракеттерибиз менен биз, албетте, Россия-Кыргыз
байланыштарынын бүтүндөй комплексин мындан ары да кеңейтебиз. Бул биздин достук мамиледеги элдерибиздин кызыкчылыктарына толук жооп берет, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу нугунда бара жатат.
Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми жарандарыңыздарга бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.