Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Жаз майрамы – Ноорузга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген.
Эки тараптуу байланыштардын бүткүл комплексинин мындан аркы өнүгүшү биздин достук элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине, Борбор Азияда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталганына ишенем.
Сизге ушул жаркын майрам күнү бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми бардык жарандарыңызга бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.