VII Кыргыз-Россия экономикалык форумундагы Президент Садыр Жапаровдун сөзү

 VII Кыргыз-Россия экономикалык форумундагы Президент Садыр Жапаровдун сөзү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-августта, VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучуларына куттуктоо сөзүн жолдоду, аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев окуп берди.

 

Мамлекет башчысынын сөзү:

 

«Урматтуу достор!

Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучулары болгон сиздерге чын жүрөктөн салам жолдоп жатканыма кубанычтамын. Быйылкы форум «Санариптик көз карандысыздык ЕАЭБде туруктуу өсүштүн жана технологиялык кызматташтыктын фактору катары» темасына арналган. Белгилей кетчү нерсе, ушул жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганынын 25 жылдыгы белгиленүүдө. Бул документ биздин мамлекеттердин ортосундагы бир туугандык мамилелердин, стратегиялык союздаштыктын жана өз ара ишенимдин бекем пайдубалы болуп калды».

Биздин өлкөлөрдү жана элдерибизди кылымдар бою келе жаткан достук байланыштары, маданий-гуманитардык алакалар жана биз баалаган жана аларды тынымсыз бекемдөөгө умтулган жалпы баалуулуктар бириктирип турат.

Россия Федерациясы Кыргызстандын негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

2024-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 3,9 млрд АКШ долларына жетип, 25%га олуттуу өсүш көрсөттү. Мында кыргыз товарларынын Россия Федерациясына экспорту дээрлик 40%га өстү. Россиянын Кыргыз Республикасынын экономикасына салган түз инвестицияларынын көлөмү жыл сайын көбөйүп, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 280 млн АКШ долларын түздү.

Мында, албетте, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролу чоң. Ал республиканын экономикасынын дээрлик бардык секторлорунда жалпы суммасы 900 млн АКШ долларынан ашык 3600дөн ашуун долбоорду ишке ашырды.

Биздин өлкөлөр ар кандай тармактарда активдүү кызматташууда – бул финансы, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт, билим берүү, илим жана, албетте, санариптик чөйрө. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында экономикалык өсүш темпи боюнча лидер болуп саналат, акыркы үч жылда жыл сайын 9% туруктуу өсүштү көрсөтүүдө.

Ошону менен бирге, биргелешкен аракеттер менен биз бул көрсөткүчтөрдү кыйла тездете алабыз деп ишенем. Бул контекстте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан өткөрүлүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму сыяктуу аянтчалар кызматташтыкты тереңдетүү, тажрыйба алмашуу жана түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүү үчүн талап кылынган жана натыйжалуу платформа болуп саналат.

Быйыл форумдун алкагында Петербург эл аралык экономикалык форумунун көчмө иш-чарасы өткөрүлүп жатканы өзгөчө кубандырат.

Бул маанилүү окуя Россиянын ишенимдүү өнөктөшү жана евразиялык интеграциянын активдүү катышуучусу катары Кыргызстандын өсүп жаткан ролун баса белгилейт.

Урматтуу достор!

Бүгүнкү күндө ыкчам санариптик өнүгүүнүн шартында технологиялык көз карандысыздык, санариптик маалыматтарды коргоо жана улуттук IT-инфраструктураны өнүктүрүү маселелери алдыңкы планга чыгууда.

Дал ушул себептен улам, азыркы форумдун темасы өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. ЕАЭБ өлкөлөрү маалыматтык технологиялар жаатында чоң дараметке ээ болуп, аймактын санариптик трансформациясынын лидерлери жана тез өсүп жаткан дүйнөлүк технологиялык рынокто активдүү оюнчулар боло алат жана болушу керек деп ишенем.

Форумдун аянтчасындагы пикир алмашуу туруктуу өсүшкө, технологиялык прогресске жана өз ара пайдага өбөлгө түзөт деп эсептейм.

Форумдун бардык катышуучуларына жемиштүү иш, конструктивдүү диалог жана мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин жыргалчылыгына багытталган практикалык макулдашууларга жетишүүнү каалайм».

Связанный пост