VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү.
Кеңешмеде алдыдагы оюндарга даярдык көрүү, анын ичинде уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана инфраструктуралык аспектилерди, ошондой эле тартылган бардык мамлекеттик органдар менен түзүмдөрдү координациялоо боюнча негизги маселелер каралды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык акыркы фазасына киргендигин белгилеп, бардык ведомстволор боюнча координацияланган иштердин маанилүүлүгүн жана алдыга коюлган милдеттердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жооптуу түзүмдөргө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууну координациялоону күчөтүүгө, даярдыктын темпин тездетүүгө жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган бир катар тапшырмалар берилди.