Унаасын камсыздандырбагандар 1-июлдан тарта айып пул төлөйт

 Унаасын камсыздандырбагандар 1-июлдан тарта айып пул төлөйт

Автоунаасын камсыздандырбагандар 1-июлдан тарта мыйзам чегинде айып пул төлөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мыйзам 2016-жылдан бери иштеп келсе да, өлкөдө камсыздандырууга жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келген.

“Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО), аты айтып тургандай эле негизинен жоопкерчиликти камсыздандыруу болуп саналат. Эгерде автоунаа ээси жолдо унаа кырсыгына кабылып, ал жоопкерчиликтүү деп эсептелсе үчүнчү жактарга келтирилген мүлктөргө же ден соолугуна чыгым ошол камсыздандыруу полиси аркылуу орду толтурулуп берилет. Милдеттүү камсыздандыруудан өтпөгөндөргө 1-июлдан тартып мыйзам чегинде чара-көрүлүп, физикалык жактарга 3 миң сомдун тегерегинде айып пул салынуусу күтүлүүдө”,- деди Актан Турумбеков.

Белгилей кетсек, транспорт ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жана аны менен катар 15 жеке камсыздандыруу компаниялары жүргүзөт. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу жүргүзүүнүн артыкчылыгы мамлекеттик деп аты аталып тургандай, мында мамлекеттик кепилдик бар.

Бирок, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму сыяктуу эле 15 жеке камсыздандыруу компаниясынын камсыздандыруу иш-аракетин жүргүзүүгө толук кандуу укугу бар.

Эске салсак, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча атайын сall-борбор иштеп жатат.

Борбордун негизги байланыш номери 1292.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост