“Унаа” мамлекеттик мекемесинин үч кызматкери жоопкерчиликке тартылды
Транспорттук каражаттарын мыйзамсыз каттаган “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин Каракол бөлүмүнүн жооптуу кызматкелери бажы кызматынын уруксаты жок транспорттук каражаттарын мыйзамсыз кайра каттаган фактылары аныкталган.
Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында үч кызматкерге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмачылыктар боюнча айыптары угузулду.
Тергөөнүн жүрүшүндө, мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, иш негизинен кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.