Бишкекте үч эм төрөлдү

 Бишкекте үч эм төрөлдү
Бишкекте үч эм төрөлдү, деп маалымдады КРнын Саламаттык сактоо министрлиги.
2024-жылдын 19-апрелинде Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33 жумалыгында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. 1930 гр., 2660 гр., 2660 гр. салмактагы эркек балдар төрөлгөн.
Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн 2-баскычындагы бөлүмдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык.

Связанный пост