Улуу Британиянын Падышасы Карл III Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Падышасы Карл III Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Жубайым экөөбүз Сизди жана Кыргыз Республикасынын элин маанилүү окуя – Эгемендүүлүк күнүнө карата жылуу куттуктаганыбызга кубанычтабыз.
Биздин өлкөлөрдү ушундай бекем байланыштар бириктирип турганына абдан кубанычтамын жана достугубуз мындан ары да чыңдаларына ишенем.
Биздин өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнө жана баарыбызга тиешелүү болгон экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө оң таасирин тийгизүү үчүн күч-аракеттерди бириктире алды деп үмүттөнөм жана умтулам», – деп айтылат куттуктоо катында.