Улуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик изилдөө жүргүзүү укугу берилди
 
			
    Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзам менен улуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик, криминалистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү укугун, анын ичинде келишимдик негизде, аларды өндүрүү жана төлөөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу укуктар берилет.
 
								 
                                     
                                    