Улуттук хирургия борборунда боор алмаштырууга даярдык көрүлүүдө

 Бүгүн саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Улуттук хирургия борборуна барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр жүргүзүлгөн оңдоо иштери, медициналык жабдуу менен камсыздоо жана боор трансплантациясын баштоого көрүлүп жаткан даярдык иштери менен таанышты.

Министр жаңыланган операциялык блокту, реанимация жана боор хирургиясынын адистештирилген бөлүмүн кыдырып көрдү. Ремонт иштерине жана заманбап жабдууларды сатып алууга 100 миллиондон ашык сом бөлүнүп, анын 70 пайызы жогорку технологиялуу медициналык аппараттарды сатып алууга жумшалган. Операциялык столдор жана лампалар жаңыланып, заманбап наркоздук аппараттар, вентиляциялык системалар орнотулган. Бул жабдыктар оор операцияларды стерилдүү жана коопсуз шартта жасоого мүмкүндүк берет.

Борбордун башкы дарыгери Таалайбек Акматовдун айтымында, бул мекемеде өлкөдөгү эң заманбап операциялык блоктордун бири жайгашкан. Жыл сайын борборго 20 миңдей бейтап кайрылса, алардын 8 миңи ооруканага жаткырылат жана 7 миңге жакын ири операциялар жасалат. Бул операциялардын 70 пайызын шашылыш хирургиялык кийлигишүүлөр түзөт.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө өзгөчө көңүл боор трансплантациясы боюнча операцияларга даярдыкка бурулду. Реанимация бөлүмүндө донор менен реципиентти бир убакта кароого шарттар түзүлгөн. Ал эми операциядан кийинки реабилитация жаңыртылган боор хирургиясы бөлүмүндө жүргүзүлөт. Учурда кошумча керектүү медициналык шаймандарды жана жабдууларды сатып алуу иштери жүрүүдө.

Министр борбордун жамаатына жасалган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, боор трансплантациясы боюнча кызматты өнүктүрүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Саламаттык сактоо министрлиги боор трансплантациясын ишке киргизүү процессин системдүү түрдө колдоп, жабдуу менен камсыздоону жана тиешелүү укуктук-нормативдик базаны өркүндөтүүнү улантат.

Связанный пост