Улуттук банктын кампасында 55 тоннадан ашык алтын бар

 Улуттук банктын кампасында 55 тоннадан ашык алтын бар

Учурда Улуттук банктын кампасында 55 тоннадан ашык алтын сакталууда. Бул тууралуу аталган банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен Улуттук банк эл аралык стандарттарга жооп берген өлкөдөгү эң ири кампага ээ болгонун баса белгиледи.

“Шарттар начар болчу, биз көп учурда алтындын корлорун чет элдик банктарда сактоого аргасыз болчубуз. Азыр Улуттук банктын карамагында өлкөдөгү эң ири алтын сактоочу жай бар, ал эл аралык стандарттарга жооп берет жана 1000 тоннага чейин алтын сактай алат. Мындан ары биз өзүбүздүн запастарыбызды коопсуз гана сактабастан, кардарларыбызга баалуу металлдарды сактоо кызматтарын да көрсөтө алабыз”, – деди президент.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост