Улукбек Марипов Сауд Аравиянын ТИМ башчысынын орун басары менен жолукту

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улук Марипов Сауд Аравиянын тышкы иштер министринин көп тараптуу эл аралык маселелер боюнча орун басары доктор Абдурахман Ар-Расси менен жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар боордош өлкөлөрдүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташуусунун оң динамикасын канааттануу менен белгилешти.
Тактап айтканда, акыркы эки жылда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдар ачылды, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосунда сапарлар алмашылды, саудиялык ишкерлердин делегацияларынын Кыргызстандагы бизнес форумга катышуусу жана башка маанилүү иш-чаралар уюштурулду.
Жолугушууда тараптар ошондой эле эл аралык аянттарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара иш сапарларды жогорку деңгээлде уюштурууга, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Жыйынтыгында тараптар эл аралык аянтчаларда бири-бирин колдоону жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөнү улантууга макулдашты.