Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды
Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Далиев Уланбек Эшенович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров аркалап келген. Ал күн мурун президент кол койгон жарлыкка ылайык кызматынан бошотулду.