Улакчынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, эки киши кармалды

 Улакчынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, эки киши кармалды

Улакчынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, эки киши кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициядан маалымдашкандай, күн мурун “Ак-Кула” ат майданында Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулган мелдеште Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасынын ортосундагы оюнда улакчы жаракат алган. Бирок ал ооруканага жетпей жолдон каза тапкан.

Бул фактынын негизинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Экспертиза дайындалды.

Каза болгон 45 жаштагы С.М. аттуу жаранга баш мээнин ачык жаракаты, баш жана маңдай сөөктөрүнүн ачык сыныгы, оң көздүн жаракаты, мурундун жана үстүнкү жаагынын жабык сыныгы диагнозу коюлган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы А.Ч. жана оюнга судьялык кылган 42 жаштагы Ш.У. кармалды. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост