Укук коргоо органдары Ленин округундагы шайлоодо бузуулар жѳнүндѳ мурда келип түшкѳн билдирүүлѳр боюнча текшерүүнү аяктады

 Укук коргоо органдары Ленин округундагы шайлоодо бузуулар жѳнүндѳ мурда келип түшкѳн билдирүүлѳр боюнча текшерүүнү аяктады

Укук коргоо органдары №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жүрүшүндѳ келип түшкѳн бардык билдирүүлѳрдү кароону аяктады. Бул тууралуу 11-сентябрда БШКда ѳткѳрүлгѳн брифингде Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жетекчиси, КР БШК тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаров билдирди.

Брифингге Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокурорунун орун басары Р. Абдрахман, Бишкек шаарынын ИИББ начальнигинин орун басары Ч. Майлыбеков жана Бишкек шаарындагы Ленин райондук ИИБ начальнигинин орун басары Н. Кыдырбаев катышты.

Ленин округундагы шайлоонун ѳнөктүгү башталгандан бери КР БШК ЫЧКТ бардыгы болуп 28 бузуулар жѳнүндѳ билдирүүлѳралардын ичинен БШК ЫЧКТга – 22, БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттануулар кароомаалымдоо жана үгүт жүргүзүү эрежеси боюнча жумушчу топко – 6 билдирүү келип түшкѳн.

21 факт боюнча маалыматтар кароо жана укуктук баа берүү үчүн ички иштер органдарына жѳнѳтүлгѳн. Бишкек ИИББ жана Ленин районунун ИИБ тарабынан тергѳѳгѳ чейинки текшерүүнүн натыйжалары боюнча келип түшкѳн бардык билдирүүлѳр боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Ленин райондук прокуратуранын маалыматы боюнча ички иштер органдарынын кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү прокурордук текшерүү менен тастыкталган.

Брифингдин жүрүшүндѳ ЖМК ѳкүлдѳрү тарабынан айрым жеңилип калышкан депутаттыкка талапкерлер социалдык түйүндѳр аркылуу шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип жатканы тууралуу суроо берилди.

Т. Шайназаров депутаттыкка талапкер участкада (УШК) добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде аны округдук комиссияга (ОШК) жазуу түрүндѳ даттанса боло тургандыгынанткени оозеки негизсиз билдирүү жетишсиз болорун белгиледи.

Связанный пост