“Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

 “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду, ага ылайык аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Ички иштер министрлигин Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин кармоочусу (ээси) катары аныктоо зарыл деп эсептелсин.
2. Башкы прокуратура белгиленген тартипте:

1) Ички иштер министрлигине катталган укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо боюнча ишти жүргүзүү боюнча функцияларды тиешелүү штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берсин;

2) “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары – “УБР” АМС) Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берсин;

3) өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар толук аяктаганга чейин “УБР” АМСтин толук жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын;

4) өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Ички иштер министрлиги:

1) “УБР” АМСти андан ары эксплуатациялоо жана жүргүзүү үчүн өзүнүн карамагына алсын;
2) “УБР” АМСтин техникалык операторун аныктасын.

4. Министрлер кабинети:
1) бир жумалык мөөнөттө Жогорку Кеңештин кароосуна ушул жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин;
2) тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде “УБР” АМСти техникалык тейлөөнү өз убагында каржылоону камсыз кылсын;
3) ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу, финансылык жана башка чараларды көрсүн;
4) үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Связанный пост