Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

 Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан белгиленген каттоо тартибинин бузулушу менен байланышкан укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында болуу, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же транзиттик өтүү тартибин сактабаган учурларга жол бербөө болуп эсептелет.

Мыйзамда мындай укук бузуулар үчүн, чет өлкөлүк жарандарды чакырган же кабыл алган адамдарга карата да, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын өздөрүнө карата да, мыйзам бузуунун узактыгына жараша (бир айга чейин жана бир айдан бир жылга чейинки мөөнөттө) жоопкерчиликке тартууда дифференцияланган ыкмалар каралган.

Атап айтканда, чет өлкөлүк жарандарды каттоо тартибин, жашоого уруксат берүүчү документтерди тариздөө, жашоо жайын өзгөртүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүү талаптарын бузгандыгы үчүн төмөнкүдөй айып пул салынат: жеке адамдарга – 10дон 100гө чейин эсептик көрсөткүчтө, юридикалык жактарга – 55тен 200гө чейин эсептик көрсөткүчтө.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында болуу, жашоо же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартибин бузуу – тактап айтканда, өлкөдө болуу укугун тастыктаган документтердин жоктугу же Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүүдөн баш тартуу үчүн – 55тен 200гө чейин эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу каралган.

Мыйзам бузуунун узактыгына жараша айып пул өлчөмдөрүн белгилөө – чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болууда документтерди өз убагында тариздөөсүнө өбөлгө түзөт, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды чакырган же кабыл алган адамдар менен чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатат.

Связанный пост