УКМКнын төрагасы менен таанышмын деп алдамчылык кылган жаран кармалды
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) кармалган кылмышка шектүү делип Кыргызстандын Кудайберди уулу О. аттуу жараны кармалды. Ал КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев жана анын уулу менен жалган тааныштыгынан пайдаланып, И.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/аймагынын башчысынын орун басары кызматына орноштуруу үчүн 1500 АКШ долларын алган.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.у.О өз аракетинин кылмыштуулугун түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерге барбоого милдеттенди.
Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилет.