УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматы жаңы имаратту болду
УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, атайын күчтөрдүн кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн, эрдигин жана Мекенге берилгендигин белгиледи.
Ошондой эле ал жаңы имараттын иштөө шарттары жана инфраструктурасы менен таанышып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Аны менен катар “Альфа” атайын багыттагы кызматы үчүн спорт комплексинин курулушуна капсула салуу аземи да өткөрүлдү.