УКМК: ЖКнын экс-спикеринин Сокулуктагы мектеп имаратын мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланышы бар

 УКМК: ЖКнын экс-спикеринин Сокулуктагы мектеп имаратын мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланышы бар

Жогорку Кеңештин экс-спикери Медеткан Шеримкуловдун Жыламыш айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген мектеп имаратынын ээси эмесмин деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, анын ЖМКлардагы билдирүүсүн колдо болгон документтер жокко чыгарууда.

Тактап айтканда, 1998-жылдын 14-декабрында № 1141 жерди пайдалануу укугуна карата мамлекеттик актыларды эсепке алуу китебинде № 021438 форма боюнча катталган мамлекеттик актысынын түп нускасы 1998-жылдан азыркы учурга чейин, мыйзамсыз түрдө Медеткан Шеримкуловдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн колунда болгон. Натыйжада ЖӨБО жогоруда аталган объектти өз балансына кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.

Буга байланыштуу Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Шеримкуловдордун үй-бүлөсүнө жогоруда аталган мамлекеттик актынын түп нускасын кайтарып берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан. Акыркы кайрылуу 2023-жылдын күзүндө болгон.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2024-жылдын 11-сентябрында “документтерди өткөрүп берүү актысынын” негизинде Сокулук районунун Жыламыш айылындагы орто мектептин укук белгилөөчү документи Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунун Жыламыш айылындагы жалпы аянты 20 га, баасы 376 млн. 339 миң сом болгон эки кабаттуу мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылган.

Связанный пост