УКМК төрагасы: Достук айылын Тажикстанга берип, ордуна 91 гектар жер алдык

Достук айылын Тажикстанга берип, ордуна 91 гектар жер алдык. Бул тууралуу УКМК төрагасы Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, Достуктагы жаңы салынган үйлөрдүн ордуна компенсация катары Кыргызстанга Тажикстандын Лаккон участогунан 30 гектар суулуу жер алынды.
“Достук айылын толугу менен тажик тарапка бердик. Ал жерде чек ара заставабыз да бар, аны дагы кошуп бердик. Анткени ал биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Ал жерден бизге экономикалык да, стратегиялык да пайда жок. 91 гектардын ордуна 91 гектар жер алдык. Ага кошумча жаңы үйлөрдү курганыбыз үчүн компенсация деп Карабак айылынын жанынан 30 гектар суулуу жер алдык. Достук айылындагыларды ал жерге көчүрүп, тургундарга кайрадан үй салып беребиз”, — УКМК төрагасы Ташиев.