УКМК: Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

Мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды.
Аталган а/а жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп, жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен.
Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз берүүгө негиз болгон документалдык маалыматтарды аныктоо жана табуу, ошондой эле кошумча документалдык далилдерди чогултуу максатында мурдагы айыл өкмөт башчысынын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылып алынды, ошондой эле аталган даректе ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталды.
Азыркы учурда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Өз кезегинде, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарына айыл чарба багытындагы категорияга таандык жана айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жер тилкелерин, жайыттарды жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө токтомдор мыйзамсыз экенин билдирет.
Ушуга байланыштуу КР УКМКсы Кыргыз Республикасынын жарандарын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарын мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкы башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү чакырат.

Связанный пост