УКМК Ошто бажы төлөмдөрүн азайткан коррупциялык схеманы аныктады
Ош бажысында бажы төлөмдөрүн азайткан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мурда 2024-жылдын 5-июлунда “Ош” мамлекеттик бажы кызматынын “Бими Ош Сервис” бажылык тариздөө жеринин Ж.Т.Ж. аттуу кызматкери 2005-жылы чыгарылган “Тойота Прадо” маркасындагы (иш жүзүндө 2018-жылкы) унааны кароодон өткөрүүдө, коштоочу документтерде билдирилген маалыматтарга ылайык келбегендигинин ачык белгилери бар экендигине карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аталган автотранспорт каражатынын ээсинин пайдасына бажылык текшерүүнүн актысын түзүп берген.
Төмөндөтүлгөн нарк боюнча бажы төлөмдөрүн эсептөөгө негиз болгон башка бажы документтерин тариздөөгө карата жогоруда көрсөтүлгөн аракеттер мамлекет үчүн финансылык жоготууларга жана бажы ченемдерин бузууга алып келген.
“Бими Ош Сервис” бажылык каттоо жеринин жогоруда аталган автотранспорт каражатын бажылык тариздөө процессинде текшерип кароонун негизинде берилген жалган маалыматтарды камтыган протоколдорунун жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине бажы төлөмдөрү түрүндө 438 миң 114,13 сом акча каражаты төлөнүп, зарыл болгон 1 млн 497 миң 576 сомдун ордуна мамлекетке 1 млн 59 миң 462 сом зыян келтирилген.
2025-жылдын 21-январында Ж.Т.Ж. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка айыпталуучу катары соттолуп, ага карата сот тарабынан камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.