УКМК Ош мэринин шаарга кирген унаалардан акы алуу сунушун колдобойт

 УКМК Ош мэринин шаарга кирген унаалардан акы алуу сунушун колдобойт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин шаарга кирген унаалардан акы алуу сунушун колдобойт. Бул тууралуу Атайын кызматтан билдиришти.

УКМК жетекчилиги Түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт.

“Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан ары УКМК бардык кызмат адамдарын (мэрлер, акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү ж.б. жетекчилер) ушул сыяктуу туура эмес идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого чакырат.

Ошондой эле бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-кампаниялар менен алек болбостон, Кыргызстандын облустарынын жана шаарларынын тургундарынын курч көйгөйлөрүн чечүүгө чакырат.

Связанный пост