УКМК: Массалык башаламандыкка чакырган жаран өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган

 УКМК: Массалык башаламандыкка чакырган жаран өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган

Социалдык тармак аркылуу массалык башаламандыкка чакырган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу Бишкек – Москва маршруту боюнча өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган учурда Facebook социалдык тармагынын деструктивдүү аккаунттун ээси Б.Ж.А. аттуу жаранды кармады.

Тактап айтканда, аталган Б.Ж.А. өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында Facebook аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында чагымчыл мазмундагы контенттерди жарыялоо менен алектенген.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Б.Ж.А.га карата министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

УКМК массалык баш аламандык уюштуруу жана ага катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул үчүн КР мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Связанный пост