УКМК кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектүүнү кармады
Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул туруалуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КРргызстандын жараны З.Т.И. тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, буга чейин З.Т.И. узак убакыт бою Кытайдан Кыргызстандын аймагына келген товарларды ташуу жана бажыдан өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүп келген. Бул иштерде анын негизги колдоочусу мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы башчысы М.М.Ж. болгон.
Анын жардамы менен ташылып келген жүктөрдү мыйзамсыз декларациялоонун ар кандай схемаларын колдонуу жолу менен эл керектөөчү товарлар өлкө аймагына импорттолгон. Мындай кылмыштуу аракеттер алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүнөн качуусуна өбөлгө түзгөн.
Мындан тышкары, З.Т.И. мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу менен алектенип, Бишкектеги “Паллада” казиносунун негиздөөчүсү болгон. Ошол эле учурда кумар оюндарын уюштуруудан түшкөн каражаттын эсебинен Р.Акматбаевдин жана “мыйзамдагы ууру” атыккан Камчы Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу топторунун мүчөлөрүнө системалуу түрдө каржылык жардамдарды көрсөтүп, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө салтанаттуу иш-чараларда кымбат баалуу белектерди тапшырып турган.
Белгилей кетсек, “Паллада” казиносунун мүлк комплекси өз убагын уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери Р.Акматбаев менен К.Асанбекке тиешелүү болгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө З.Т.И.нин жашаган жеринен тиешелүү документтери жок “ПМ” жана “ПСМ” үлгүсүндөгү 2 даана номурлары өзгөртүлгөн күжүрмөн тапанчалары, “Сайга” жана “Тигр” маркасындагы ок атуучу куралдар, 1 даана Винчестер, 17 даана 9 мм, 22 даана 5,45х18мм, 501 даана 7х62мм, 300 даана 7,65х54 калибердүү октор, 5 даана магазин, 250 даана 7,62х39, 39 даана 12 калибердүү ок-дарылар табылып алынды. Ошондой эле, салмагы 20 грамм болгон «гашиш» баңги заты табылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 25-августунда З.Т.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.