УКМК курулуш компанияларынын биринин жетекчилерин кармады

УКМК жаңы курулган имараттын тургундарын алдап кеткен курулуш компаниясынын жетекчилерин кармады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, курулуш индустриясынын тез өнүгүшү шаардын жашоосунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Шаардын кеңейишине жана калкынын өсүшүнө жараша көп кабаттуу турак-жай жана башка обьекттерди куруунун олуттуу өсүшү байкалган, бирок көп учурда белгиленген мыйзамдык жана долбоорлоо талаптары, анын ичинде жарандардын (үлүштүк катышуучулардын) мыйзамдуу кызыкчылыктары жана укуктары бузулган учурлар да болуп жатат.

Буга байланыштуу УКМК Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан “Санхаус плюс” турак жай комплексин куруучуга карата алдамчылык жана курулуш нормаларын бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

24-сентябрда интернетке аталган комплекстин жашоочуларынын видео кайрылуусу жарыяланып, анда подрядчы өз милдеттенмелерин аткарбай, натыйжада имарат ишке берилбей жатканына нааразы болушкан. Курулуш башталганга чейин компания турак жай комплексин ири шаарда жашоого эң ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде коопсуздук системаларын, тосулган аймакты, жеке жер астындагы унаа токтотуучу жайды жана башкаларды сунуштайт деп жарнамалаган.

Тургундардын кайрылууларын текшерүү учурунда үйдүн курулушу мыйзам бузуу жана макулдашылган долбоордон четтөө менен жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Чындыгында жашоочулар долбоорго киргизилген жер астындагы унаа токтотуучу жайларды алышкан эмес.

Ишкананын жетекчилиги кирешени көбөйтүү максатында жер астындагы унаа токтотуучу жайды долбоорлоо документтерин жана курулуш нормаларын бузуу менен, бекитилген пландан четтеп, коммерциялык жайга айландырганы аныкталган. Бул соода-сатык келишимдеринин шарттарын, комплекстин жашоочуларынын мыйзамдуу укуктарын бузуп, айланадагы жол абалын да начарлаткан.

Бул объектти унаа токтоочу жайсыз пайдаланууга киргизүү мүмкүн эместигин түшүнүү менен компаниянын жетекчилери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жетекчилиги аркылуу аталган турак жайды мунапыска туш келген объекттердин тизмесине киргизүүгө бир нече жолу аракет жасашкан. Бул комплекстин жашоочуларын унаа токтотуучу жай менен камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткаруудан четтөөгө мүмкүндүк берет.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында курулуш ишканасынын директору О.Б.М. жана көзөмөл жүргүзгөн долбоорлоо уюмунун жетекчиси Б.Э.Б. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар долбоордун ишке ашпай жатканы боюнча өздөрүнүн аракеттери мыйзамсыз экенин моюнга алышып, жанаша жайгашкан аймакка тиешелүү унаа токтотуучу жайды талаптагыдай уюштурууну убада кылышкан.

УКМК ушул сыяктуу мыйзам бузуулардын башка учурларын аныктоо боюнча ишин улантып, жарандардын укуктарына шек келтирбөөнү катуу эскертет, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлерин жана кызмат адамдарын, курулуш уюмдарынын өкүлдөрүн өз ишин мыйзамдын талаптарынын так негизинде жүргүзүүгө чакырып, одоно мыйзам бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилигин эскертет.

Связанный пост