УКМК: Кара-Суу районунда контрафакттык товарларды чыгарган көмүскө цех аныкталды 

УКМК жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте контрафакттык продукцияны аныктоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Отуз-Адыр айыл аймагында газдалган суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген жер астындагы цех аныкталды.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө таттуу суусундуктарды чыгаруу менен алектенген «Деревенский квас», «Анар» жана «Деревенский ширеси» аттуу жашыруун цехтер аныкталган.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жана салык кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүршүндө, Тамак-аш азыктарында технологиялык процесстердин бузулушу жана тыюу салынган заттардын колдонулушу боюнча айыптар салынып, экспертизадан өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.
Азырку учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Связанный пост