УКМК чагымчыл материалдарды жайылтты деп интернет колдонуучуну кармады

 УКМК чагымчыл материалдарды жайылтты деп интернет колдонуучуну кармады

КР УКМК, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (“Массалык баш аламандыктар”) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды системалуу түрдө “Фейсбук” социалдык тармагында жарыялаган “Зарина Төрөкулова” аккаунтунун ээси – КР жараны Т.З. аныкталганын билдирет.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.З. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Т.З. 2023-жылдын 30-октябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Связанный пост