УКМК алдамчылык жана документтерди жасалмалоого шектүү жактоочуну кармады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алдамчылыкка жана документтерди жасалмалоого шектүү жактоочуну кармады.
Атайын кызматтан билдиришкендей, М.С.А. аттуу адвокат жактоочулук ишин жүргүзүү менен, сот органдарындагы кызмат адамдар менен байланышы бар экендигин айтып, ишенимге кирип, 22 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган.
Мындан тышкары М.С.А. өзүнүн кылмышын жашыруу максатында документтерди жасалмалаган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан экинчи кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында М.С.А.нын кылмыш жосундарына катыштыгынын төгүндөлгүс далилдери документтештирилген.
Мындан улам, 30-ноябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен М.С.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.