УКМК: $20 миң алып жаткан учурда Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси кармалды
20 000 АКШ долларын алып жаткан учурда Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси А.У.Р. кармалды. Бул тууралуу КРнын УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик прокуратурасынын Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси А.У.Р. пара алып жаткан жеринен кармалды. Прокуратура арыз ээсине карата жүргүзүлгөн тергөөнүн негизинде кылмыш ишин козгобогону үчүн 50 миң АКШ долларын опузалап талап кылган.