Учурда өлкөдө 256 социалдык объект курулууда

Өлкө боюнча жалпы 256 социалдык объектте курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Алсак:
• 136 мектеп;
• 64 бала бакча;
• 29 спорт объектиси;
• 11 саламаттык сактоо объектиси;
• 5 маданият үйү;
• 11 административдик имарат курулууда.
Социалдык объекттердин курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери 122 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.