“Учкун” мекемеси эки мамлекеттен паспорт чыгарып берүүгө буюртма алды

 “Учкун” мекемеси эки мамлекеттен паспорт чыгарып берүүгө буюртма алды

“Учкун” ишканасы эки мамлекеттен паспорт чыгарып берүүгө буюртма алды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, былтыр Кыргызстанда паспорттор чыгарылып баштаган. Ал үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган.

“Мурда биз өзүбүздүн паспортторубузду чет мамлекеттерде чыгарып келгенбиз. Канчалаган акча каражаттар коротулчу. Мына эми азыр башка мамлекеттер бизге буюрма берип, паспорттору басылып чыгып жатат. Биринчи Кения өлкөсүнүкү басылды, эми Лаостуку даярдалат”, – деп белгиледи ал.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев, буга дейре Кыргызстандын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келгендиктен, жасалма паспорттор да чыгып, сатылган учурлар болгон. Ошондуктан бүгүнкү күндө паспорттордун коргоо элементтери жогорку деңгээлде жасалууда.

“Май айында чыга турган жаңы паспортторубузда коргоо элементтеринин баары камтылган. Буга байланыштуу аны жасалмалоого болбойт. Сапатына көңүл буруп жатабыз, мындан улам алдынкы он өлкөнүн паспортторунун катарына кирет деп эсептейбиз”, – деди Туманбаев.

Связанный пост