Учкун конушунда 280 балага ылайыкталган заманбап бала бакча ачылды

Бишкек шаарынын, Учкун конушунда жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эки кабаттуу имарат 140 балага ылайыкталган, бирок заманбап ыкмалардын аркасында 280 балага жөндөмдүү. Бала бакчада 12 тайпа бар: кенже, орто жана даярдоо.

Имараттын жалпы аянты 1908 м², ал эми жер аянты 0,83 га. Бала бакча Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Мекемеде музыкалык бөлмө, спорт зал, медициналык кабинет, ашкана, кир жуучу жай, коммуналдык бөлмөлөр бар. Ар бир топ үчүн өзүнчө оюн аянтчалары каралган.

Белгиленгендей, бакчанын ачылышына Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, анын жүрүшүндө имаратты кыдырып чыгып, катышуучулар менен бирге бала бакчанын аймагына көчөт отургузууга катышты.

Связанный пост