Тышкы иштер министрлигинде 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталды
Тышкы иштер министрлигинде жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде 2023-2024-жылдар аралыгында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, бүгүн жыйынтыктар Эсептөө палатасынын кеңешинин кезектеги отурумунда каралды.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлигинде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталган. Анын ичинде бюджетти аткарууда, мүлктү пайдаланууда, отчеттуулуктун жана сатып алуулардагы мыйзам бузууларды камтыган учурлар болду. 5,3 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш болгон каражаттар толугу менен өндүрүлгөн.
Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратындагы текшерүүдө атайын каражаттардын эсебинен кызматкерлердин эмгек акы төлөмдөрү, социалдык чегерүүлөр жана транспорт чыгымдарында ашыкча төлөмдөр аныкталып, кийин кайтарылган.
К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияда гранттык каражаттар казына аркылуу эмес колдонулган, эмгек акы жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар белгиленген. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрдө консулдук кызмат көрсөтүүлөр доллар менен жүргүзүлгөн, кызматтык сапар чыгымдары жана негизги каражаттарды баланстан чыгарууда шайкеш келишпестиктер аныкталган.
Эсептөө палатасынан маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдөгү мекемелерде аудит 11 субъектиде, анын ичинде 19 элчилик, 2 өкүлчүлүк жана 6 консулдукта жүргүзүлгөн. Индия, Алматы жана Екатеринбургдагы запастар, Малайзиядагы ижара чыгымдары, Венгрия, Австрия жана Италиядагы дебитордук карыздар, Украинадагы төлөнбөгөн эмгек акы, ошондой эле Украина, Сауд Аравия жана Катардагы калдык каражаттар боюнча көйгөйлөр аныкталды.
Эсептөө палатасынын кеңеши талкуунун жыйынтыгында аныкталган бузууларды жоюу жана аудиттин сунуштарын ишке ашыруу боюнча Тышкы иштер министрлигине жана анын мекемелерине көрсөтмөлөрдү берди.