Galleries

Саясат

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан чек аранын кесилишүү чекити боюнча келишимди

15-ноябрда Ташкент шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери мамлекеттик чек аралардын кесилишүү чекити тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча грамоталар менен алмашуу Протоколуна кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов Telegram-каналында билдирди. Анын айтымында, документ үч өлкөнүн чек аралары кесилишкен так пунктту юридикалык жактан биротоло бекитет. «Протоколго кол коюлушу бүтүндөй регион үчүн […]Читать далее

Президент

БА мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышты. Жыйындын жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды: – Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү; – Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Ташкентте БА мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышып, сөз

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышып, сөз сүйлөдү. Иш-чарага Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Президент Садыр Жапаров Президент Шавкат Мирзиёевге салттуу […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Ташкент шаарындагы конгресс-холлдо Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун ишине катышууда. Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысын Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды. Саламдашуу аземи жана делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү аяктагандан кийин алар жыйынга катышуу үчүн залга өтүштү.Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборуна барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборуна барды. Комплекстин ишмердүүлүгү жана музей экспозициясы менен таанышуу Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун алдында өттү. Аймактын лидерлерине ислам илиминин, маданиятынын жана агартуусунун өнүгүшүнө Борбор Азия элдеринин көп кылымдык салымын чагылдырган кол жазмалардын, артефакттардын жана уникалдуу […]Читать далее

Президент

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маселелери, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык алакаларды, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү талкууланды. Тараптар туруктуу […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасына иш сапары менен келди. Мамлекет башчысынын учагы Ташкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Мамлекет башчысы сапарынын […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев Сузактагы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушун текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Сузактагы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулуш аянтчасына барып, иштердин жүрүшүн жеринде текшерди. Атайын кызматтан билдиришкендей, ал алгач учуп-конуу тилкесиндеги процесс менен таанышып, подрядчиктерге курулушту тездетүү жана сапатты катуу көзөмөлдөө боюнча талаптарды койду. Ташиев андан соң терминал имаратынын курулушун көрүп чыкты. Жалпы аянты 10 миң […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Мамлекет мектеп, бала бакча, оорукана инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты. Аянты 10,5 гектарга жакын аймакта билим берүү, тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча заманбап комплекс түзүлдү. Анын негизги объектиси болуп 5 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген, 570 окуучуга ылайыкталган жана 20 заманбап кабинет жана өзүнчө […]Читать далее

Шайлоо

ТИМде чет өлкөлөрдөгү даярдыктар талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштурууга арналган штабдын жыйыны өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга видеоконференция форматында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты. Анда Кулубаев алдыдагы шайлоо процессинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстадын жарандарын чет мамлекеттерде добуш берүүгө даярдоо жана уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Анын ичинде […]Читать далее