Galleries

Президент

Садыр Жапаров “Алтай” шаарчасынын курулушун баштап берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Бишкек шаарындагы “Алтай” шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. “Алтай” — бул 234 гектар аянтта жайгашкан турак жай жана социалдык комплекстин ири масштабдуу долбоору. Бул жерде 1551 беш кабаттуу турак үй курулат. Бардыгы болуп ар кандай пландаштырылган 34 004 батир каралган. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Уюмдагы Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун негизги маселелери, аймактык коопсуздуктун абалы, заманбап коркунучтарга каршы туруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы жыйыны талкууланды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ЖККУга катышуусу өлкөнүн тышкы саясатынын негизги […]Читать далее

Президент

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоиндин алгачкы эмиссиясын ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров накталай алтын менен камсыздалган жана АКШ долларына байланган улуттук стейблкоин USDKG – санариптик токендин алгачкы эмиссиясын расмий ишке киргизүү аземине катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев жана «Виртуалдык Активдердин Эмитенти» ААКы Башкармалыгынын Төрагасы Бийболот Мамытов катышты. Аземдин жүрүшүндө катышуучулар «Эмиссияны ишке киргизүү» баскычын басып, Tron түйүнүндө 50 000 […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкы менен бир катар маанилүү келишимдерге кол

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуу маселелерин, ошондой эле өлкөнүн азыркы экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы, климат, энергетика сыяктуу багыттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалына токтолгон министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, акыркы бир нече жылда […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канданы кабыл алды. Мамлекет башчысы сөзүнүн башында Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы көп жылдык кызматташтыкты, ошондой эле экономиканын негизги секторлорунда маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышын белгиледи. Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө сакталып турган оң динамика тууралуу айтып, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп […]Читать далее

Экономика

Кумтөрдүн кайра иштетүүчү заводу расмий лицензия алды

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Токмок шаарындагы “Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводу” филиалы дөңгөлөктөрдү утилизациялоо жана кайра иштетүүгө лицензия алды. Компаниядан билдиришкендей, документти Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги берген. Ал ишканага дөңгөлөктөрдүн калдыктарын утилизациялоо боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Компаниянын маалыматы боюнча, заводдун кызматтары өнөр жай ишканаларына, тоо-кен казуучу жана транспорттук компанияларга талап […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев БА аймактык экономикалык кызматташтык боюнча министрлердин конференциясына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) 24-министрлик конференциясына катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы БАЭК аймактык байланыштарды чыңдоонун, сооданы жана инвестицияларды стимулдаштыруунун, өсүштү тездетүүнүн жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөнүн натыйжалуу куралы болуп калганын белгиледи. «Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, атап айтканда Азия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен БАЭК аймагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара сооданы 2 млрд долларга жеткирүүнү

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Бишкекте Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун алкагында өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Эки тараптын биргелешип белгиленген стратегиялык максаты – өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга чейин жеткирүү өзгөчө […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары жолугушту

19-20-ноябрда Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон расмий сапары өтүүдө. ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун биринчи жыйынын өткөрүштү. […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Кытайдын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, ККП БКнын Тышкы иштер боюнча комиссиясынын Канцеляриясынын башчысы, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери бүгүнкү күндө […]Читать далее