Туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев дүйнөдөн кайтты

2025-жылдын 17-сентябрында 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын кавалери Матаев Жусуп Матаевич дүйнөдөн кайтты.
Матаев Жусуп Матаевич 1956-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.
1978-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, ал эми 2004-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Өзүнүн чыгармачылыгын 1978-жылы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сүрөт фондунда иштөө менен баштаган. 1984–1992-жылдары ушул эле фонддун Нарын облусундагы филиалында көркөм жасалгалоочу болуп иштеген. 1992-жылдан тартып өз алдынча чыгармачылык менен алектенген, 2011-жылы Үрүмчү шаарында (Кытай) сүрөтчү, 2021¬–2025-жылдары Кыргыз мамлекеттик С.А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу болуп эмгектенген.
Жусуп Матаев “Т. Сатылганов”, “Композитор Ж. Шералиев”, “Б. Бейшеналиев”, “Байбиче”, “Кыз куумай” сыяктуу бир катар олуттуу чыгармаларды жараткан.
Анын эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинде жана Нарын облусттук аймак таануу музейинде сакталып турат.
1980-жылдан баштап республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө активдүү катышкан. Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде, Кытай Эл Республикасында жеке көргөзмөлөрүн өткөргөн. Анын эмгектери КМШ өлкөлөрүндө, Германия, Австрия, Австралия, Япония, Италия, Франция, Корея ж.б. чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө коюлган.
Жусуп Матаев чыгармачылык менен катар педагогикалык ишти айкалыштырып, талыкпай эмгектенип, өсүп келе жаткан муундагы сүрөтчүлөрдү тарбиялап өстүргөн. Анын көптөгөн шакирттери республикада белгилүү сүрөтчүлөр болуп калды.
1992-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Жусуп Матаевдин эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, ал “Даңк” медалы менен сыйланган (2011-ж.), “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” төш белгиси ыйгарылган (2019-ж.), “Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери” (2019-ж.) жана “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” (2022-ж.) ардак наамдары ыйгарылган.
Матаев Жусуп Матаевичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, Н. Тургунбек уулу, А.А. Касымалиев, М.М. Иманкулов, Э.Ж. Байсалов, М.К. Мамбеталиев, К.К. Сулайманов, А.Ж. Джунушалиев, Т.К. Текебаев, С.Н. Надырбеков, Т.М. Ажымалиев, А.Ш. Мадаминов, М.Т. Тагаев, Ж.Д. Жунушев, Дж.У. Тольбашиева, Т.С. Садыков, С.С. Торобеков, Т.С. Усубалиев, Б. Жумалиев, С.К. Сыдыков, И. Чаланов, К.А. Давлетов, Ж.Б. Жамурзаев ж.б.