Туризм фондунда аныкталган 90 млн сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду
Туризм фондунда аныкталган 90 млн сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылган.
Тактап айтканда, 2022-2024-жылдар аралыгында фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн. Анын натыйжада өлкөдө туризмди өнүктүрүү тармагында жасалма жакшы көрүнүштү калыптандыруу максатында мамлекет үчүн пайдасыз болгон консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлгөнү аныкталган. Бирок, аталган кызматтар жана долбоорлор иш жүзүндө аткарылган эмес.
Көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 90 млн сомдон ашык өлчөмдө зыян келтирилген.