Кыргызстанда альпинизм боюнча эл аралык альпиниада өтөт
1-майда Альпинизм федерациясы тарабынан эл аралык альпиниада уюштурулууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн өкүлдөр чакырылып, жалпы эки миңден ашуун адам катышары күтүлүүдө. Иш-чара Чуңкурчак капчыгайынан башталып, жаңы табылган чокуга жүрүш менен уланат. Азырынча бул чоку “Альпиниада чокусу” деп аталып, анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 4010 метрди түзөт.
“Кыргызстан – тоо туризминин мекенине айлана турган зор потенциалы бар өлкө. Бул тармак дүйнө жүзүндө эң кирешелүү багыттардын бири болуп эсептелет. Анткени тоону сүйгөндөр, альпинизм менен алектенгендер жана бийик чокулардан өзгөчө эмоция издегендер мындай сапарларга ири каражат жумшоого даяр. Мисалы, Эверест чокусуна чыгуу үчүн адамдар чоң суммадагы каражат сарпташат.
Албетте, ар бир альпинист Эверестти багынта албайт. Бирок 5–6 миң, ал тургай 7 миң метрлик чокуларга чыгууга кызыккандар өтө көп. Бул жагынан алганда, Кыргызстан уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бизде 4 миң метрден баштап 7,5 миң метрге чейинки көптөгөн чокулар бар.
Өлкөбүздө тоо туризминин бардык негизги түрлөрүн өнүктүрүүгө шарт бар. Алар: хайкинг, треккинг, альпинизм, музга чыгуу, рок-клаймбинг, тоодо лыжа менен жүрүү (ski touring) жана экспедициялык туризм”
Мындан тышкары, ал айрым аймактар өзгөчө мааниге экенин белгилеп, Ала-Арчадагы Ак-Сай капчыгайын мисал келтирди. Бул жер альпинисттер үчүн машыгууга эң ылайыктуу жайлардын бири болуп саналат жана Япония, Корея, Америка, Европа өлкөлөрүнөн, ошондой эле КМШ мамлекеттеринен атайын келип машыгып кетишет.
“Ошондуктан, тоо туризминин мамлекеттик саясатын күчөтүп, өлкөбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө кеңири таанытуу зарыл. Бул багытта акыркы жылдары жакшы жылыштар байкалууда. Туристтердин саны өсүүдө, ошондой эле жергиликтүү жаштардын кызыгуусу да артып жатат. Айрыкча хайкинг менен алектенгендердин арасында 18–25 жаштагы жаштар басымдуу. Мисалы, Рацек чокусуна чыгып түшкөндө жолуккан адамдардын басымдуу бөлүгүн дал ушул курактагы кыз-жигиттер түзөт”, – деп жазды ал.
Орунбеков жогорудагы иш-чарага сыйлуу конок катары чакырылганын жана иш-чара ийгиликтүү өтүп, өлкөнүн кооз тоолорун дүйнөгө даңазалап, туристтердин көңүлүн бура турган маанилүү кадам болот деген ишенимин билдирди.